Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Добуш сатып алууга байланыштуу 2 кылмыш иши тергелүүдө

Кыска кабар | 11 Июл 2021 | 250 | 0

Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясына 27-майдан 9-июлга чейин 14 даттануу келип түшкөн. Анын сегизи шайлоо алдындагы үгүт иштерине байланыштуу.

Бул тууралуу Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Айбек Стамов брифингде кабарлады.

11-июлга карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 6 кылмыш иши, жоруктар боюнча 2 факты катталды.

Кылмыш иштери боюнча тергөө жүрүп жатат. Ал талапкерлердин добуш сатып алуусуна байлыныштуу.

Бүгүн саат 10.00гө карата Бишкек, Ош, Токмок шаарларындагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышуу 5,75 пайызды түздү.

Жалпы 617 миң 517 шайлоочу катталган.

Бишкекте шайлоого 18 партия, Ош шаарында 8 жана Токмокто 6 партия катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM