Биз менен байланышыңыз

Мэр Таалайбек Сарыбашов Ош шаардык кеңешиндеги кайра шайлоодо добуш берди

Кыска кабар | 11 Июл 2021 | 316 | 0

Бүгүн, 11-июль күнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ош шаардык кеңешиндеги кайра шайлоого катышты. Сарыбашов №5555 шайлоо тилкесинде добуш берген.

Мэрдин айтымында, калаа бийлиги ачык жана таза шайлоо өткөрүү үчүн бардык шарттарды түздү.

«Санитардык эрежелердин сакталышына өзгөчө көңүл бурулуп, ар бир шайлоочуга беткап, кол кап берилүүдө. Имараттарда дезинфекциялоо жүргүзүлүп жатат. Бардык шайлоо тилкелери керектүү жабдыктар менен жабдылган. Ош шаарында шайлоочулардын тизмесине 152 миңдден ашык киши киргизлген», — деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 11-июль күнү Бишкек, Ош жана Токмок калааларында шаардык кеңештерге кайра шайлоо өтүүдө. Шайлоо эртең мененки саат 08:00дө башталды.

Аталган үч шаардагы шайлоого шайлоочулардын тизмесине 617 миң 517 киши киргизилген. Анын ичинен Бишкекте – 426 миң 699, Ош шаарында – 152 миң 718 жана Токмокто 38 миң 100 шайлоочу. Шайлоо 326 шайлоо тилкесинде жүрүүдө.

Борбор калаада шайлоого 18 партия, Ош шаарында 8 жана Токмокто 6 партия катышууда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM