Биз менен байланышыңыз

«Унаа» мекемесинин Оштогу филиалы мамлекетке 14 млн 340 297 сом зыян келтирген

Кыска кабар | 10 Июл 2021 | 858 | 0

Ош шаардык прокуратурасы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык бөлүмү автоунааларды каттоодо коррупциялык аракеттерге барганын аныкташты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, аталган бөлүмдүн кызматкерлери жеке кызыкчылыктарды көздөп, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизүү аркылуу чет өлкөдөн келген унааларды мыйзамсыз каттап келишкен.

Кыргызстандын аймагында оң рулдуу автоунаалар каттоого алынбай турганы мыйзамда көрсөтүлгөнүнө карабай, бөлүмдүн жооптуу кызматкерлери Р. Т. аттуу жарандын оң рулдуу «Тойота-Альфард» үлгүсүндөгү автоунаасын жана мындан башка да 16 оң рулдуу унааны мамлекеттик каттоодон өткөргөн.

Ошондой эле С. А. аттуу жарандын «Форд Фокус» үлгүсүндөгү автоунаасына 2014-жылы алынган D….ХХ сандуу мамлекеттик белгисин алмаштырды деген мааниде расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизүү менен автоунаанын катталгандыгы тууралуу күбөлүктү жана 06 КG…ХХХ мамлекеттик белгисин мыйзамсыз жасап беришкен.

Мындай мыйзамсыз аракеттердин кесепетинен мамлекет 14 млн 340 297 сом зыян тарткан.

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан бул факты Жазык Кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 329-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM