Биз менен байланышыңыз

БШК: «Ынтымак» партиясы Ош шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтетилген

Кыска кабар | 10 Июл 2021 | 625 | 0

«Ынтымак» саясий партиясы Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого катышуудан четтетилди. Борбордук шайлоо комиссиясынын бул чечими 10-июлда өткөн жалпы жыйында кабыл алынды.

Буга «Жалпы иш» коомдук фондунун арызы себеп болгон. Алар арызга «Ынтымак» саясий партиясынан талапкер добуш сатып алууга шектелип кармалганын, бирок ага карабай Ош аймактык шайлоо комиссиясы партияны шайлоодон четтетпей жатканын жазган.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын үч тургуну добуш сатып алууга шектелип, шаардык милиция тарабынан кармалган. Тинтүү учурунда алардын жанынан 115 миң сом жана шайлоочулардын тизмеси табылган. Алардын бири шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.

Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 192-беренеси (Добуш сатып алуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, «Ынтымак» саясий партиясынан шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер Бахадыр Латиханов убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эске салсак, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтүп, мыйзам бузуулар болгон деген жүйө менен Бишкек, Ош, Токмок шаарларынын кеңештерине кайра шайлоо дайындалган.

Ош шаардык кеңешине «Ынтымак», «Улуу Журт», «Бир бол», «Биздин Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан», «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар биримдиги», «Келечек-Будущее», «Нур» саясий партиялары талапкер көрсөткөн.

Ал эми «Ынтымак» саясий партиясы «Ынтымак» партиясы Ош шаардык кеңешине шайлоого катышуудан баш тартканын, алардын мындай чечимге келүүсүнө Ош шаарындагы мыйзамсыз аракеттер, партияга бут тосуулар себеп экенин жарыялашкан. 

Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо эртең, 11-июлда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM