Биз менен байланышыңыз

«Ынтымак» партиясы Ош шаардык кеңешине шайлоого катышуудан баш тартты

Кыска кабар | 10 Июл 2021 | 999 | 0

«Ынтымак» партиясы Ош шаардык кеңешине шайлоого катышуудан баш тартты. Мындай чечимди партия лидери Марлен Маматалиев кабыл алган.

Партиянын расмий билдирүүсүндө буга Ош шаарындагы мыйзамсыз аракеттер, партияга бут тосуулар себеп экени айтылды.

«Ошто мыйзамсыздык өкүм сүрүүдө, айрым партияларга каршы тандалма күрөш жүрүп жатат. Буга мисал катары Ош шаарында биздин талапкерлердин бирине каршы уюштурулган чагымчылдыкты келтирсек болот. Ушул сыяктуу жагдайлардын бардыгын эске алып, биздин команда шайлоого катышуудан баш тартууну чечти».

Эске салсак, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтүп, мыйзам бузуулар болгон деген жүйө менен Бишкек, Ош, Токмок шаарларынын кеңештерине кайра шайлоо дайындалган.

Ош шаардык кеңешине «Ынтымак», «Улуу Журт», «Бир бол», «Биздин Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан», «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар биримдиги», «Келечек-Будущее», «Нур» саясий партиялары талапкер көрсөткөн.

Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо эртең, 11-июлда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM