Биз менен байланышыңыз

УКМК Ташиевдин атын жамынып иш кылгандар жоопко тартыларын эскертти

Кыска кабар | 9 Июл 2021 | 729 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Камчыбек Ташиевдин атын жамынып иш кылгандар жоопко тартыларын эскертти.

Аталган комитет массалык маалымат каражаттарында айтылган «УКМК «Кыргызтелеком» ААКнын директорлор кеңешине кысым көрсөтүп, ишине кийлигишүүдө» деген маалымат калп экенин билдирет.

«Улуттук коопсуздук органдарынын «Кыргызтелеком» ААКнын ишине жана кадрдык дайындоолоруна кийлигишүүгө укугу жок», — деп билдирет УКМК.

Ошол эле учурда УКМК комитет төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынып иш кылган адамдарга туугандык байланышына карабай мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертет.

УКМКнын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттер жана фактылар болсо, 0312-62-05-85, 0312-66-04-75 (УКМКнын нөөмөт бөлүмү) номерлерине кайрылууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM