Биз менен байланышыңыз

БШК Кербен шаардык кеңешин таркатуу боюнча президентке кайрылат

Кыска кабар | 9 Июл 2021 | 558 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы Кербен шаардык кеңешин таркатуу боюнча президентке кайрылат.

БШКдан белгилешкендей, шардык кеңештин депутаттары белгиленген мөнөөттө мэрди шайлай албагандыгына байланыштуу шаардык кеңешти таркатуу тууралуу чечим кабыл алынган.

Кербен шаардык кеңешинин депутаттары мэрди шайлоо үчүн 3 жолу чогулган. Биринчи жыйналышта кворум болбогондуктан шайлоо өтпөй калган. Андан кийинкисинде мэрликке талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан. Ал эми үчүнчүсүндө кайра эле кворум болбой калган.

Ошондой эле Кербен шаардык кеңешинин 16 депутаты БШКга шаардык кеңешти таркатуу жана кезексиз шайлоону белгилөө боюнча кат жолдогон.

Эскерте кетсек, жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өткөн. Мыйзам бузууларга байланыштуу Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине болгон шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылып, кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM