Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирустун индиялык штаммы катталган жок

Кыска кабар | 9 Июл 2021 | 307 | 0

Кыргызстандын аймагында коронавирустун индиялык штаммын жуктурган учурлар катталган жок. Өлкөдөгү жуктуруулардын 85,7 пайызы Улуу Британия жана 14,2 пайызы Түштүк Африка штаммдары катталган.

Мындай маалыматты “Профилактикалык медицина” илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Омор Касымов маалымат жыйынында кабарлады.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө COVID-19 жуктуруп алгандардын саны күн сайын болжол менен 300-400 миңге көбөйүп, саны 185 миллиондон ашты.

Кыргызстанда вирус жуктургандардын жалпы саны 140 миңге жакындап, күн сайын 1200-1500гө көбөйүп жатат.

“Баштапкы ухань вариантынын SARS-CoV-2 штаммы олуттуу мутацияга учурады. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө штаммдарды классификациялоонун бир нече түрлөрү аныкталды. Алар — Улуу Британия (альфа), Түштүк Африка (бета), Бразилия (гамма) жана Индия (дельта) штаммдары. Алардын ичинен Индия штаммы адамзат коомчулугу үчүн эң коркунучтуу болуп саналат”,-деди Касымов.

Адистин айтымында, коронавирустун жугушун алдын алуу жана жеңилирээк өткөрүү үчүн эң натыйжалуу профилактика — калкты 90% га чейин эмдөө болуп эсептелет.

Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинаны жалпы 127 миң 591 адам алды. Анын ичинен 83 миң адам вакцинанын экинчи дозасын сайдырды.

Ал эми акыркы бир суткада 1823 киши эмделсе, 656сы экинчи ирет эмдөөдөн өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM