Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Ворух анклавына кеткен жолду өзүбүз курабыз

Кыска кабар | 8 Июл 2021 | 260 | 0

Кыргызстан Тажикстандын Ворух анклавына кеткен айланма жол салына турган болсо, аны өзү курат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, май айында кабыл алынган протокол боюнча Ворух анклавына кеткен жол Капчыгай айылынын астынан же үстүнөн өтөрү протоколдо көрсөтүлгөн.

«Протоколдо ал жол чогуу курулат деп жазылган. Бирок кийинчерээк өзүбүз курабыз деп чечтик. Кыргызстандын жолу Кыргызстандын аймагында боло турган болду. Бирок акыркы чечим кабыл алына элек. Себеби ал жолду кура турган болсок, башка жерлер менен чогуу бүтүрүү керек. Тажикстан ушул эле жолду бүтүрүп, токтойбуз деп жатат. Биз андай болбойт деп жатабыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, апрель айында чек арада болгон окуялардан кийин чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн делегациялары 1-2-майда жолугушуп, анын жыйынтыгында биргелешкен протоколго кол койгон. Анда эки тарап Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип куруу макулдашканы, ал жол Кыргызстандын Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөрү айтылган. Жол Кыргызстан менен Тажикстандын эсебинен курулуп, анын макамы жол салынган соң эки өлкөнүн өзүнчө мамлекеттик макулдашуусу менен аныкталары каралган. Ошондой эле, ал документте жолду тажик тарап оңдоп-түзөп, колдонот деп айтылат.

Андан кийин коомчулукта Ворухка коридор берилгени жатат деген сөздөр айтыла баштаган. Бирок бийлик ал сөздөрдү четке кагып, эч кандай коридор берилбей турганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM