Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Биз Орхан Инандыга өлкөдөн чыгып кетүүнү сунуштаганбыз

Кыска кабар | 8 Июл 2021 | 2436 | 0

Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны 2015-жылдан бери бир канча жолу уурдоого аракет кылышкан. Биз аны коргоп, этият болуп жүрүүсүн эскерткенбиз.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев басма сөз жыйынында айтты.

«2019-жылы 7-декабрда Кыргызстанда жашаган башка өлкөнүн жаранын уурдоо аракети боюнча кылмыш иши козголгон. Биз ыкчам издөө иштеринин натыйжасында уурдоого аракет кылышкан жаран Орхан Инанды экенин аныктадык. Ал быйыл февраль айында 3 күнгө жоголгон, биз аны таап, коргоп, кайтарганбыз. Муну Инандынын жубайы да билет. Анын кызматкери Нурлан деген адам да билет (Нурлан Кудайбердиев). Ошондо Орхан Инанды менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Биз ага этият болуп жүрүүсүн, жансакчы менен жүрүүсүн эскерткенбиз. Дайыма эл көп чогулган жерде жүрүүсүн сунуштаганбыз, ал биз менен кызматташып жүрдү, шектүү жагдайлар болгондо кабарлап турду, бирок ал фактылар такталган эмес. Мындан тышкары Орхан Инандыга жана башка кээ бир жарандарга өздөрүнүн коопсуздугу үчүн өлкөдөн чыгып кетишин да сунуштаганбыз. Башкача айтканда, биз аларды коргоо үчүн бардык аракетти көргөнбүз», — деди Камчыбек Ташиев.

Ал Кыргызстандын ар бир жаранынын коопсуздугун коргоого милдеттүү экенин, бирок 6 млн калктын ар бирине бирден жансакчы берүү мүмкүн эмесин айтты.

УКМК төрагасы учурда Орхан Инандынын Кыргызстандын жарандыгын мыйзамдуу алганы жөнүндө иликтөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

«Бүгүн түштөн кийин бизге ыкчам маалымат түштү, Инандынын 2024-жылга чейин жарактуу болгон Түркия жарандыгы бар экени маалым болду, ал түрк паспортун дайыма колдонуп жүргөн. Бул жерде ал мыйзам бузду, эгер азыр ал Кыргызстанда болсо жоопкерчиликке тартмакпыз. Анын өлкөдөн кантип чыгарылып кеткени тергелип жатат», — деди Ташиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM