Биз менен байланышыңыз

Токиодогу Олимпиада оюндарында Кыргызстандын туусун балбан Атабек Азисбеков көтөрүп чыгат

Кыска кабар , Спорт | 8 Июл 2021 | 1408 | 0

Быйыл Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндарынын ачылышында Кыргызстандын туусун грек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азисбеков көтөрүп чыгат. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Федерациядан белгилешкендей, Азисбеков Кыргызстандын Олимпиада оюнарындагы курамасынын капитаны болуп дайындалган.

«Президент Садыр Жапаров Атабек Азисбековго өлкө туусун тапшырат. Ал тууну 23-июлдагы Олимпиада оюндарынын ачылышында көтөрүп чыгат», — деп билдиришти федерациядан.

Эскерте кетсек, Токиодогу Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 18 спортчу жолдомо алды: Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков (грек-рим күрөшү), Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев (эркин күрөш), Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер күрөшү), Дарья Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая, Нурсултан Кеңешбеков (жеңил атлетика), Денис Петрашов (сууда сүзүү), Роман Петров (фехтование), Бакдөөлөт Расулбеков (оор атлетика), Каныкей Кубанычбекова (ок атуу) жана Владимир Золоев (дзюдо).

Токиодогу Олимпиада (ошондой эле Паралимпиада) оюндары былтыр өткөрүлүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2021-жылга жылдырылган. Быйыл Олимпиада мелдештери 23-июлдан 8-августка чейин, ал эми Паралимпиада 24-августтан 5-сентябрга чейин өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM