Биз менен байланышыңыз

Вирусту 85 күн киргизбей күрөшкөн Талас жаштарынын баяны

Кыска кабар | 8 Июл 2021 | 529 | 0

«Бир социалдык объектти дезинфекциялоого балдардын толук бир күнү кетчү».

«Биз шаарды дезинфекциялап жатканда, айрым адамдар бизди көрүп, башка тарапка качышчу».

«Бир жолу мектеп окуучулары кийген кийимдерибизден коркуп, ыйлап жиберген учур да болгон».

«Мен үйгө кечинде гана кайтып келчүмүн. Кыздарым менин кайда барганымды, эмнеге аларды да өзүм менен албай кетип жатканымды сурашчу. Мен адамдарга жардам берип жатам деп жооп берчүмүн».

«Тартиптин катуулугунан вирус биздин аймакка 85 күн кирбей турду. Ар бир айылда транспорттун агымын көзөмөлдөп турган ыктыярчылар турушту, булар сырттан келген машиналардын агымын чектеп жатышты. Бул иште тартипти уюштурган жергиликтүү бийликтин ролу чоң. Биз биргелешип аймагыбызды коргоп жаттык».

2020-жылы Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму көчө дезинфекциясын коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүнүн натыйжасыз каражаты деп тааныган. Бирок, бул жагдай Азаматтын жана анын волонтер-досторунун Талас облусундагы пандемияга каршы күрөшүүдөгү эмгегин эч кандай төмөндөтпөйт.

***

«Жигердүү жарандар мезгили» — бул өз иш-аракеттери жана активдүү жашоо образы менен дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүп жаткан кыргызстандыктар жөнүндө окуялар. Булар биздин эле досторлорубуз, туугандарыбыз, кесиптештерибиз жана кошуналарыбыз. Алар ыктыярчы болуп, пикирдештер менен биргеликте коомдук уюмдарды түзүп, демилгелери менен коомчулугубузга жана жалпы өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошушат. Бул окуялар менен, алардын 2020-жылы өлкөгө Ковид-19 эпидемиясына каршы турууга жардам бергени жөнүндө, кыйынчылыктарга туш болгон адамдарга жардам бергени жөнүндө, жоопкерчиликтүү жана камкор жарандын үлгүсүн чагылдырганы үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM