Биз менен байланышыңыз

Селдин айынан Баткен районун эки айылында өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Кыска кабар | 8 Июл 2021 | 736 | 0

Селдин айынан Баткен районун эки айылында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрлик белгилегендей, 6-июль күнү жааган жамгырдан улам Согмент, Газ жана Кара-Булак айылдарында сел жүргөн. Анын айынан 2 көпүрө бузулуп, 3 гектар эгин талаасын суу каптаган, жолдорго кум-шагыл толгон.

Ошондой эле сай боюнда жашаган 47 үй кооптуу абалга келген. Жергиликтүү бийликке 6 турак жайдын ээсин коопсуз жайга көчүрүү сунушталган.

Бүгүн, 8-июлда селдин кесепеттерин жоюу үчүн 15 куткаруучу, 40 жергиликтүү тургун жана 2 техника тартылган.

Селдин кесепетин тез арада жоюу максатында Баткен районунун акиминин буйругу менен Газ жана Согмент айылдарында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM