Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Ош шаарында депутаттыкка талапкер добуш сатып алууга шектелип кармалды

Кыска кабар | 8 Июл 2021 | 447 | 0

Ош шаарында жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышып жаткан партиянын талапкери добуш сатып алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 192-беренеси (Добуш сатып алуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө милиция депутаттыкка талапкердин өкүлдөрү тарабынан Ош шаарынын Жумабаев көчөсүндө добуш сатып алуу болуп жатканын аныктаган.

«Депутаттыкка талапкердин өкүлдөрү И.Х. жана Р.Ш. аттуу жарандардан далил зат катары 115 миң сом жана Амир Темир кичи районунун Жалал-Абад көчөсүнүн тургандарынын тизмеси (7 барак) табылып алынды. Депутаттыкка талапкер Л.Б. аттуу жарандын өкүлдөрү аталган талапкерге добуш берүүсү үчүн 15тен ашык шайлоочуга миң сомдон акча берген», – деп билдирет ИИМ.

Кечээ, 7-июлда Л.Б. аттуу депутаттыкка талапкер убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Андан тышкары И.Х. жана Р.Ш. аттуу жарандарга добуш сатып алууга шектелип жатканы тууралуу билдирме берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM