Биз менен байланышыңыз

Шаршеев: Орхан Инанды кандай жол менен чыгарылып кеткени белгисиз

Кыска кабар | 7 Июл 2021 | 1320 | 0

Парламенттин 7-июлдагы жыйынында Кыргызстандын жараны, «Сапат» билим берүү мекемелеринин жетекчиси Орхан Инандынын жоголгону тууралуу укук коргоо органдарынын маалыматы угулуп жатат.

Депутат Дастан Бекешев Орхан Инанды өлкөдөн кантип чыгарылып кеткенин сурады. Ошондой эле ал жоголгон күндөн бери учуп жаткан каттамдар текшерүүгө алынып, алынбаганына кызыкты.

УКМКнын чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Орхан Инанды кандай жол менен чыгарылып кеткени тууралуу так маалымат жок экенин айтты.

30-июнда Анкара-Бишкек багыты аркылуу келген учак чыгып баратканда текшерүүгө алынган. Шаршеев чек арадан өтүп жаткандар да дыкат текшерилгенин кошумчалады.

«Орхан Инандыны жүк катары алып чыгып кетишкенби же башка жол мененби, так маалымат жок. Бирок ал жоголгондон бери тапшырма коюлуп, өлкөгө кирип-чыгып жаткан авиакаттамдар, чек арадан өтүп жаткандар дыкат текшерилип жатты», — деди Шаршеев.

Дастан Бекешев өлкөгө кирип-чыгып жаткан учактар жана чек ара жакшы текшерилбей жатышы мүмкүн экенин же маалымат ачык берилбей жатканын айтты.

Орхан Инандыны издөө иштеринин хронологиясы

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM