Биз менен байланышыңыз

Бир күн ичинде коронавирус 1 миң 198 адамдан табылып, 781 киши айыгып чыкты

Кыска кабар | 7 Июл 2021 | 233 | 0

Бүгүн, 7-июлга карата Кыргызстанда коронавирус 1 миң 198 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 717, Ош шаарында — 60, Чүй облусунда — 142, Ош облусунда — 75, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 20, Ысык-Көл облусунда — 39, Жалал-Абад облусунда — 53, Баткен облусунда — 88 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 781 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 9 адам каза болгон: Бишкекте – 4, Чүй облусунда – 2 киши, Баткен облусунда – 2 жана Жалал-Абад облусунда – 1 киши.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 4 миң 253 адам, ал эми амбулатордук түрдө 12 миң 315 бейтап дарыланууда. Ооруканаларда дарыланып жаткандардын ичинен 58 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 2 миң 818 адамдын абалы орто оор, 1 миң 193 киши оор жана 184 бейтап өтө оор абалда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 134 миң 501 учур катталды. Анын ичинен 114 миң 756 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 63 бейтап каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM