Биз менен байланышыңыз

Маматалиев: Айрым партиялар админресурсту толук колдонуп жатат

Кыска кабар | 7 Июл 2021 | 518 | 0

Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоо да мыйзам бузуулар менен өтүп жатат. Мындай нааразылыгын Жогорку Кеңештин депутаттары 7-июлдагы жалпы жыйында айтып чыгышты.

Эл өкүлү Марлен Маматалиев шайлоо кайра өтүп жаткан соң мурдагы катачылыктарга жол бербөөгө чакырды.

«Биз 11-апрелдеги шайлоону жокко чыгарганыбыздын пайдасы жок болуп жатат. Анткени кайра эле ошол шайлоодогу мыйзам бузуулар кайталанып жатат. «Форма-2» жокко чыгарылганы менен элди массалык каттоолор болууда. Айрым партиялар админресурсту толук колдонуп жатат. Квартал башчылары да мыйзам бузууга барууда. Эми мурунку шайлоону жокко чыгаргандан кийин укук коргоо органдары бул шайлоодогу мыйзам бузууларга жакшы көңүл бурушу керек. Таза шайлоо өткөрүшүбүз керек«, — деди депутат.

11-июлда Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо өтөт. Бишкекте шайлоого 18 партия катышат.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өткөн. Мыйзам бузууларга байланыштуу Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине болгон шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылып, кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM