Биз менен байланышыңыз

ИИМ жарандарды каржы пирамидалардан сак болууга чакырды

Кыска кабар | 6 Июл 2021 | 535 | 0

Ички иштер министрлиги жарандарды каржы пирамидалардан сак болууга чакырат.

Министрлик каржы пирамидасы каржы алдамчылыгынын кеңири жайылган түрлөрүнүн бири экенин белгилейт. Анын схемалары көп болгону менен башкы максаты сизден акча өндүрүп алуу экенин эскертет.

ИИМден белгилешкендей, алданып калбоо үчүн кайсы бир топко кирер алдында алардын лицензиясы, каттоосу, ишмердиги тууралуу маалымат алуу керек.

Учурда Талас жана Ысык-Көл облустарында каржы пирамидасын уюштурууга байланыштуу кылмыштар аныкталып, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарында каржы пирамидаларын аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

ИИМ каржы пирамидаларын уюштургандарга карата Жазык кодексинин 214-беренеси («Каржы пирамидасын уюштуруу») боюнча жоопкерчилик каралганын эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM