Биз менен байланышыңыз

Тазабек Икрамов ОБСЕнин Парламенттер ассамблеясынын жайкы отурумуна катышууда

Кыска кабар | 6 Июл 2021 | 972 | 0

Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Тазабек Икрамов 5-6-июлда Венада өтүп жаткан ОБСЕнин Парламенттер ассамблеясынын жайкы отурумуна катышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Отурумдун алкагында Икрамов ОБСЕнин Парламенттер ассамблеясынын вице-президенти, Азербайжандын Милли мажилисинин депутаты Азай Гулиев менен жолугушкан. Анда парламенттер аралык, ОБСЕнин Парламенттер ассамблеясынын жана Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттер ассамблеясынын алкагында кызматташуу маселелери талкууланган.

Ошондой эле Норвегиянын депутаты Кари Хериксен менен жолугушуу болгон. Ал кездешүүдө коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө кызматташуу маселелери каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM