Биз менен байланышыңыз

Карышкыр менен чөө аткан мергенчилердин сый акысы көбөйөт

Кыска кабар | 5 Июл 2021 | 500 | 0

Карышкыр менен чөө аткан мергенчилердин сый акысы көбөйөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Парламент» радиосуна курган маегинде депутат Бейшеналы Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, учурда карышкыр атып алгандарга 6 миң, чөө аткандарга 2 миң сом сый акы каралган.

«Эми токтомго ылайык, карышкыр аткандарга каралган сый акы 10 миң, чөөлөргө 5 миң, бөлтүрүктөргө 2,5 миң сом болот», — дейт депутат.

Атылып алынган жырткычтын териси менен эти мергенчинин шыбагасы катары өзүндө калат.

Белгилей кетсек, аталган токтом долбоорун Айыл чарба министрлиги даярдаган. Маалым болгондой, былтыр Кыргызстанда 2 миң 334 жырткыч атылган. Алардын ичинде 382 карышкыр, 19 бөлтүрүк жана 1 миң 933 чөө бар. Аларды атып келген мергендерге 5 млн 346,5 миң сом сый акы төлөнгөн.

Карышкыр-чөөлөрдөн орточо алганда 27 млн 988 миң сом зыян келтирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM