Connect with us

УКМК: «Кумтөр» иши боюнча Тайырбек Сарпашев кармалды

Кыска кабар | 18 Июн 2021 | 1317 | 0

«Кумтөр» кенин иштетүү долбоорун жүзөгө ашыруунун ар кандай баскычында коррупциялык фактыларды иликтөө уланууда.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө мурунку биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин канадалык «Центерра» компаниясынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, «Кумтөр» кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирип, аталган компаниянын кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган кылмыштары аныкталды.

Тайырбек Сарпашев Өкмөттө жооптуу кызматтарды ээлөө менен «Центерранын» кызыкчылыгы үчүн «Мөңгүлөр жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл алууга тоскоолдук кылган.

Мындан тышкары Сарпашев кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, «Кумтөр Голд Компанинин» мөңгүлөрдү иштетүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүгө, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн талкаланышына алып келе турган Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн парламенттин кароосуна киргизген.

Сарпашевдин аныкталган кылмыштуу аракеттерин эске алуу менен кечээ, 17-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү («Коррупция») боюнча кылмышка шектүү делип кармалды.

Жакынкы аралыкта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралат.

Copyright © 2017 Maral FM