Биз менен байланышыңыз

Антимонополия: Сабиз, кумшекер, өсүмдүк майы, жумуртканын баасы кескин кымбаттады

Кыска кабар | 17 Июн 2021 | 895 | 0

Акыркы мезгилде сабиз, кумшекер, өсүмдүк майы жана жумуртканын баалары кескин кымбаттады. Бул тууралуу Монополияны жөнгө салуу агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков билдирди.

Ал мындан мурдараак өкмөттүн чечими менен агенттик кумшекер менен өсүмдүк майынын бааларын көзөмөлгө алганын белгилеп, ЕАЭБге кирген мамлекеттердеги баалар тууралуу айтып берди.

«Арменияда кумшекердин чекене баасы 90-98 сом болсо, дүң баасы 85 сом турат. Беларуста чекене баасы 65 сом (дүң баасы 58 сом), Казакстанда – 76 (дүң баасы 60 сом), Орусияда кумшекердин чекене баасы 54-60 сомду түзөт (дүңүнөн 50-55 сом). Ошондой эле Өзбекстанда дүң баасы 60 сом болсо, чекене 66 сом турат. Ал эми бизде кумшекердин чекене баасы 65 сомдун тегерегинде болууда (дүңүнөн 58 сом)», — деди ал.

Ошондой эле Арменияда өсүмдүк майынын 1 литринин чекене баасы 220-230 сом (дүң баасы 190-200 сом), Беларуста – 145 (дүң баасы 135 сом), Орусияда – 130-160 (дүңүнөн 110-130 сом), Казакстанда – 135 сом (дүңүнөн 115-120 сом). Казакстанда майдын баасына мамлекет тарабынан көзөмөл киргизилген. Ал эми коңшу Өзбекстанда кумшекер 150 сом (дүңүнөн 135 сом) турат.

«Бизде сиздер билгендей, өсүмдүк майы чекене 150-170 сом болсо, дүң баасы 140-160 сомдү түзөт», — деди ал.

Ал акыркы эки күндө сабиздин баасы 90-100 сомго чейин чыгып кеткенин айтып, ал боюнча ири базар, соода түйүндөрүнүн өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирди. Ошондой эле ал сүйлөшүп алып бааны көтөргөндөр, ортомчулар боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.

Андан тышкары Тайлаков сабиздин баасынын көтөрүлүшүнө былтыркыга караганда көбүрөөк эскпорттолуп жатканы себеп экенин, сезондук көрүнүш да кошумча болуп жатканын маалымдады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM