Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 176,6 миллиондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июн 2021 | 383 | 0

Бүгүн, 16-июнга карата дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 176 млн 642 миң 929га жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин сайтына жарыяланды.

COVID-19 жайыла баштагандан бери дүйнөдө илдеттен 3 млн 822 миң 685 адам каза болгон.

Коронавирус жуктурган жана каза болгондордун саны боюнча АКШ биринчи орунда турат. Ал жакта 33 млн 485 миң 123 адам оору жуктурса, 600 миң 272 адам каза тапкан.

Кийинки орунда Индия турат. Индияда 29 млн 633 миң 105 адам коронавируска чалдыккан. Оорунун айынан 379 миң 573 адам каза болгон.

Үчүнчү орунда турган Бразилияда 17 млн 533 миң 221 киши коронавирус жуктурган. Анын ичинен 490 миң 696 адам COVID-19дан каза тапкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM