Биз менен байланышыңыз

2023-жылы НАТОнун саммити Литвада өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июн 2021 | 403 | 0

2023-жылы НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммити Литвада өтөт. Бул тууралуу уюмдун Брюсселде өткөн саммитинде жарыяланган расмий билдирүүсүндө айтылат.

Литванын президенти Гитанас Науседа журналисттерге бул маалыматты ырастаган.

«НАТОнун расмий билдирүүсүндө 2022-жылы Испанияда өтө турган жолугушуудан кийин саммит Литвада өтөрү белгиленген», — деген ал.

Белгилей кетсек, НАТО – АКШ, Европанын көпчүлүк мамлекеттери, Канада, жалпысынан 30 мамлекет кирген аскерий-саясий уюм. Ал 1949-жылы түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM