Биз менен байланышыңыз

Быйыл беш айда мамлекеттик карызды төлөөгө 13 млрд 178,1 млн сом сарпталды

Кыска кабар | 16 Июн 2021 | 536 | 0

Быйыл беш айда (январь-май) мамлекеттик карызды (тышкы жана ички) төлөөгө 13 млрд 178,1 млн сом сарпталды. Бул тууралуу Каржы жана экономика министрлигинен билдиришти.

Анын ичинен 8 млрд 340,7 млн сом тышкы карызды, ал эми калган 4 млрд 837,4 млн сом ички карызды төлөөгө кеткен.

Каржы министрлигинен белгилешкендей, тышкы карызды төлөөгө кеткен акчанын 5 млрд 950,3 млн сому бересенин негизги суммасын, 2 млрд 363,7 млн сом үстөк пайызын (кошумча 26,7 млн сом кеткен) түзөт. Ички карыз боюнча алганда 2 млрд 989,7 млн сом негизги сумманы, 1 млрд 847,7 млн сом үстөк пайызды төлөөгө сарпталган.

Кыргызстандын тышкы карызы 5 млрд долларга жакындады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM