Биз менен байланышыңыз

Европа чемпионаты. Даниянын футболчусу эсин жоготту

Кыска кабар , Спорт | 12 Июн 2021 | 772 | 0

Европа — 2020 чемпионатында Дания менен Финляндиянын оюну үзгүлтүккө учурады.

Даниянын курама командасынын жарым коргоочусу Кристиан Эриксон оюн учурунда эсин жоготту, аны оюн талаасынан алып чыгып кетишти.

Жарым коргоочуга буга чейин оюн талаасында медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Учурда Европа — 2020 чемпионатынын биринчи туру Данияда «Паркен» стадионунда өтүүдө.  Матчты онлайн көрсөтүп жатышат.

В тайпасында Дания менен Финляндия курама командаларынан тышкары Орусия менен Бельгиянын улуттук курамалары ойнойт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM