Биз менен байланышыңыз

Баткен облусун өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча кеңешме өттү

Кыска кабар | 8 Июн 2021 | 407 | 0

Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун кезектеги кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө программанын концепциясы жана түзүмдүн долбоору каралды. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары да катышып, «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча бир катар сунуштарды беришти.

Жыйынтыгында Баткен облусун өнүктүрүү программасына алымча-кошумчаларды сунуштоо боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилип, жумушчу топтун кийинки отуруму Баткен облусунда өтөрү белгиленди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM