Биз менен байланышыңыз

Орхан Инандыны тапкандарга 1 млн доллар сый акы берилет

Кыска кабар | 4 Июн 2021 | 1087 | 0

«Сапат» билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрү Орхан Инандыны тапкандарга 1 млн доллар сый акы беришет. Бул тууралуу алар бүгүн, 4-июнда өтүп жаткан митингде айтышты.

«Агайыбыздын уурдалганына төрт күн өттү, андан бери издөө иштеринде эч кандай жылыш болгон жок. Биз бүгүн бүтүрүүчүлөр менен кеңешип, ким Орхан Инандыны тапса, ага 1 млн доллар берели деп чечтик. Бул убадабызга турабыз», — деп айтышты уюштуруучулар.

«Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын уурдалганына төрт күн болду. Аны табууну талап кылгандар бүгүн да Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты. Топтолгондор бүгүн Орхан Инандыны табуудан натыйжа чыгышын талап кылышууда.

Бүгүнкү митингге мурдагы Тышкы иштер министри Аскар Айтматов да келди.

Кыргыз жараны Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. 31-майда кечки саат алты чамасында ал өзүнүн Lexus GX-470 унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен, ал эми 1-июнь күнү таңкы саат төрттөрдө Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан унаасы табылган.

Президент Садыр Жапаров да дайынсыз жоголгон кыргыз жаранын издөө боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана ИИМге тапшырма берген.

Ички иштер министрлиги бул факты боюнча «адам уурдоо» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM