Биз менен байланышыңыз

Орхан Инандыны колдогон митинг Өкмөт үйүнүн алдында уланууда (сүрөт)

Кыска кабар | 2 Июн 2021 | 1131 | 0

«Сапат» эл аралык мектебинин негиздөөчүсү жана президенти Орхан Инандыны колдогон митинг 2-июнда эртең менен башталган, азыр да уланып жатат. Топтолгондор алгач Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдына чогулушкан. Андан кийин өкмөт үйүнүн алдына барышты.

Алар Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов чыгып, маалымат беришин талап кылышууда.

Кыргыз жараны Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. 31-майда кечки саат алты чамасында ал өзүнүн Lexus GX-470 унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен, ал эми 1-июнь күнү таңкы саат төрттөрдө Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан унаасы табылган.

Президент Садыр Жапаров да дайынсыз жоголгон кыргыз жаранын издөө боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана ИИМге тапшырма берген.

Ички иштер министрлиги бул факты боюнча 2-июнда «Адам уурдоо» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Сотко чейинки өндүрүш алкагында тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, ага ИИМдин, Бишкек шаардык милициясынын, Октябрь райондук милициясынын тергөөчү жана ыкчам кызматкерлери кирди.

«Ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө тапшырмалар берилип, кыргыз жараны Орхан Инандынын жашаган жерин аныктоого багытталган бардык зарыл иш-чаралар жүргүзүлүп жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз жаранын издөө боюнча сотко чейинки процесстер Ички иштер министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүнө алынды.

Төмөндө Орхан Инандыны колдоо митингинен сүрөттөр:

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM