Дүйнөнү өз убактыңызды сыйлоого үйрөтүңүз: эгер убактыңыздын баалуу экенине өзүңүз ишенбесеңиз, анда эмне үчүн башка бирөөлөр ага маани бериши керек?
Matthew Wilson
Адамдар эч мерчемдебей, кокустан жолуккан башкалар менен сүйлөшпөй, күндү өткөрө алышпайт. Кээ бир нерселерди пландай да албайсыз. Эгер кимдир бирөөнүн убактысын анын уруксатысыз алуу — акча алуу сыяктуу мыйзамсыз болсо, кесиптештер жана бизнес өнөктөштөр, дегеле адамзат тарыхындагы эң чоң соттошуулар ушуга байланыштуу болсо керек эле.
Башка жагынан алганда, бул дүйнө өзү идеалдуу эмес. Бардык кокустуктарды эч качан жок кыла албайсыз. Жана да адамдардан таптакыр качып, жашооңузду жалгыз өткөрө да албайсыз.
Убакыт — чектелген «байлык». Сиз баарына эле «убакыт таба» албайсыз, колдон келгенин гана жасай аласыз. Ар бир адамда күнүнө 24 гана саат убакыт бар. Колуңуздан келгени, өз убактыныздын кожоюну болуп, жооптуу мамиле кылсаңыз болот. Ишенсеңиз да, ишенбесеңиз да, башкаларды өзүнүзгө душман кылбай, бирок убактыңызды сыйлоого үйрөтсөңүз болот.
1. Өз убактыңызды баалаңыз
Убакытты үнөмдөгөндү, аны башкарганды адат кылыңыз. Бул жөнүндө көптөгөн китептер жазылган, бирок аны кармангандар аз. Эгер башкалар өз убактыңызды сыйлабай жатканыңызды көрүшсө, анда алар да сыйлабайт.
Мисалы, «жок» деп айтууну өнүктүрсөңүз болот. Балдарыңызга, досторуңузга, кесиптештериңизге «жок» деп, айрым сунушунан баш тартуу — өзүңүздүн ден соолугуңузга пайдалуу. Бул аларга сиз башкалардын каалашынча жей турган «убакыт буфети» эмес экениңизди көрсөтөт. Албетте сиз айрымдарды таарынтып алышыңыз мүмкүн. Кээ бир адамдар таарынып калышат (сиздин социалдык медиа баракчаңыз баарына жагышы шарт эмес дегендей эле). Дүйнөдөгү эң ийгиликтүү адамдардын да жек көрүүчү топтору бар.
Муну билиңиз: эгер уруксат берсеңиз, башкалар сиздин күндү жөн эле «жеп кетишет». Күн сайын план жазып, 24 саатыңыз сизге кантип иштей турганын чечип алыңыз. Ошондо сиз чоң пайда көрөсүз: алардын арасында пайдалуу нерсеге умтулуу болот. Убактыңыздын баалуу экенин түшүнсөңүз, албетте, эмнени тандап жана эмнеден качууга чечим чыгаруу үчүн таасир этет. Убактыңызды канчалык баалаган сайын — ой жүгүртүүңүздү ошончолук жеңилдетесиз. Натыйжада, сиздин иш-аракетиңиз максаттуу болуп, убакытты текке кетирүү барган сайын сизге жакпай баштайт.
Эсиңизде болсун, «убакыт ууруларынын» негизгилери адамдар болбошу мүмкүн. Сиздин мобилдик телефонуңуз жана башка каражаттар канча жолу сизди алаксытат? Чындап эле ар бир адам сизге Facebook аркылуу билдирүү жиберген сайын билишиңиз керекпи? Күнү бою жумушуңуз кандай үзгүлтүккө учурап жатканына көңүл буруп, байкоо жүргүзүңүз. Эгер эч кереги жок нерселер болсо, аларды кыскартыңыз.
2. Таасирдүү сөздөрдү жаттап алыңыз
Сизди тажаткан, убакыт короткон иш-чарадан кантип кутулуунун жолун алдын ала болжолдоңуз. Анча-мынча сылык сүйлөмдөрдү жаттап, эсиңизге бекем сактаңыз. Сүйлөшүп жатканда дароо бир нерсени ойлоп табам десеңиз, оңой эле билинип калат.
Менин мурунку терапевтим абдан жакшы жолду билер эле. Ал: «Бир нерсе чыгып калды, мен кетишим керек», — деп эле кете турган. «Бир нерсе» дегени — башка пайдалуу жакка кеткенинин далили. Менин бактыма жараша, ал ошол сөздөрдү мага каршы эч колдонгон жок.
Ошондой эле, сиздин: «Маектешүүнү кийинкиге жылдыралы», — дегениңиз да жакшы натыйжа берет. Мисалы: «Айткандарыңызды угууну абдан каалайм, бирок мен азыр бир зарыл иш менен алекмин. Ушул сөздөрдү эртең айтып бере аласызбы?»
Мунун үч артыкчылыгы бар: биринчиден, тоскоолдуктан арылтып, өз ишиңизди жасоого жардам берет; экинчиден, алагды кылган жагдайларда сылык гана четке кагып, жасап жаткан ишиңиз менен алектенүүгө үйрөтөт; үчүнчүдөн, ал эки тарап үчүн тең маанилүү, себеби кийинчерээк даяр болгондо жакшылап маектешүүнү камсыз кылат. Эгерде тема маанилүү болсо, анда эки тарап тең сөзсүз эстеп, кийинчерээк кайра байланышат. Бирок көпчүлүк учурда, «шашылыш» сүйлөшүүлөр ошол жерде эле аяктайт.
3. Өз убактысын баалаган адамдар менен байланышыңыз
Убакыттын өтүшү менен сиз өзүңүздү курчап турган адамдарга окшош боло баштайсыз. Убакытты туура пайдаланууну өздөштүргөн адамдарга көңүл буруңуз. Эгер башка бирөөлөр сиз үчүн атайын убакыт бөлө турган болсо, андан аны текке кетирбеңиз. Убакытты туура пайдалануу ар дайым иштөөнү билдирбейт. «Ким менен бирге болуу жана эмне кылып жатканыңды көзөмөлдөп туруу, максаттуу жашоо» дегенди билдирет.
Адеп-ахлак башкаларды сыйлоодон башталат. Чет өлкөлөрдө Нобель сыйлыгынын жеңүүчүсү да регламентти так сактайт: 5 мүнөт десе 5 мүнөт, 10 мүнөт десе 10 мүнөт. Себеби «убакыт — башканын акысы» деген түшүнүк бар.
Менин мурунку насаатчымдын иш бөлмөсүнүн тышында: «Эгер сизде кыларга эч нерсе жок болсо, суранам, бул жерде да ошону кылбаңыз» деген жазуу илинип турчу. Ал мен үчүн кызык, жадагалса, күлкүлүү көрүнчү. Мына эми чейрек кылым өткөндөн кийин анын маанисин түшүнүп, терең таасир алып отурам.
Кээде азыркы башаламан жана чаржайыт мамилелер дүйнөсүндө убакытты так башкаруу кыйынга турат. Боз түстүн миңдеген көлөкөсү бар — алардын айрымдарын башкаларга караганда айырмалоо оңой. Өзүңүздүн чек араңызды өзүңүз аныктап алышыңыз керек, андан кийин дүйнөнү өз убактыңызды сыйлоого үйрөтүп, аларды аткарыңыз. Бул чечүүчү милдетти сиз гана аткара аласыз.
Дүйнөдөгү айрым ийгиликтүү ишкерлер менен байланышуу эң кыйын. Балким, алардын бир көздөгөнү бардыр.
Которгон: Дүйшөн Шаматов, Назарбаев университетинин профессору
2 пикир