Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жеңил атлетика боюнча мелдеш өтөт

Кыска кабар | 11 мая 2021 | 298 | 0

22-23 майда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо жеңил атлетика боюнча фестиваль өтөт. Бул тууралуу Жеңил атлетика федерациясы билдирди.

Мелдешке 14 жаштан жогорку курактагылар катыша алат. Анда жаш курак боюнча эки топко бөлүнүп, 14-17 жаш курактагы өспүрүмдөр жана 18 жаштан жогорку курактагы жаштар эстафеталык беттештерди өткөрөт.

Мелдеш Дүйнөлүк жеңил атлетиканын эрежелери менен өтөт. Эстафеталык жарышта команда жок болгон же катышуучу үчтөн кем болуп калган учурда мелдеш өткөрүлбөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM