Биз менен байланышыңыз

Санитардык эрежелерди сактабаган ишканаларга 18 миң сом айып салынды

Кыска кабар | 11 мая 2021 | 349 | 0

Бишкек шаарында коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүнө бөгөт коюу үчүн атайын рейддер жүрүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору билдирди.

Рейддин алкагында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тиешелүү мекемелер менен биргеликте шаардагы ишканаларга, коомдук унааларга, компьютердик клубдарга, базарларга, соода борборлоруна, жалпы эл көп бара турган жайларга атайын текшерүүлөрдү тынымсыз жүргүзүп жатат.

Эки жумалык текшерүүнүн жыйынтыгында салынган айып пулдун жалпы суммасы 18 миң сомду түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM