Биз менен байланышыңыз

Тажик жарандары Кыргызстандан депортацияланды деген маалымат жалган

Кыска кабар | 9 мая 2021 | 475 | 0

Тажикстандын жарандары Кыргызстандан депортацияланган эмес. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда жана айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында тажик пасторту бар жарандар депортацияланып жатканы тууралуу билдирүүлөр тараган. ИИМ бул маалыматты четке кагып, чындыкка дал келбейт деп билдирди.

«Кыргызстандын мыйзамдарында «депортация» деген түшүнүк жок. «Кууп чыгуу» деген термин бар. Эгерде чет өлкөлүк жаран өлкөнүн аймагында тартип бузса же кылмыш жасаса, соттун чечими менен ал кылмыш үчүн жаза өтөп бүткөндөн кийин өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн. Бирок Тажикстандын жарандарына карата мындай фактылар катталган эмес», — деп билдирди министрлик.

Белгилей кетсек, буга чейин орусиялык укук коргоочу Валентина Чупик Бишкек жана Ош шаарларынын аэропортторунда Тажикстандын жарандары мыйзамсыз кармалып, депортация болуп калабыз деп коркутуп жатышканын билдирген. Ал муну кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуялар менен байланыштырган. Андан кийин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы бул айыптоолорду четке каккан.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек ара жаңжалында 190 кыргызстандык жабыркап, 36 адам каза болгон. Окуя болгон жерден 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM