Биз менен байланышыңыз

Лейлек райондук ооруканасы оңдолот

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 328 | 0

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев Лейлек райондук ооруканасынын психонаркология бөлүмүнө резервдик фонддон 140 миң сом бөлдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мекемеде оңдоп-түзөө жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери жүргүзүлөт.

Ал үчүн Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы, Исфана шаардык мэриясы жана Сүлүктү шаардык мэриясы да материалдык жардам көрсөтүүдө.

Ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Баткен аймактык башкармалыгы жана Лейлек аймактык ооруканасы тарабынан сентябрь айында оорукананын чатыры алмаштыруу, жылытуу системасын орнотуу чечими кабыл алынды. Аны менен катар оорукананын кадр маселесин чечүү аракеттери да көрүлүүдө.

Аталган имаратты капиталдык ондоп-түзөөдөн өткөрүү же кайра куруу боюнча атайын комиссия иштеп жатат. Эгер комиссия «имаратты оңдоп-түзөөгө болот» деген чечим берсе, анда оңдолот, же болбосо өкмөттүн капиталдык салымдар беренесине киргизүү, алдыдагы жылдарда курулуучу капиталдык курулуштардын титулдук тизмесине кошуу боюнча сунуш берет.

Белгилей кетсек буга чейин ЖМКда, социалдык тармактарда чагылдырылган Лейлек аймактык ооруканасынын Психонаркология бөлүмүнүн жана Булак-Башы орто мектебинин абалын облус жетекчиси көзөмөлүнө алган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM