Биз менен байланышыңыз

Калкты тейлөө борборлорунун иштөө графиги убактылуу өзгөрөт

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 409 | 0

Техникалык себептерден улам 30-апрелде Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу проспектиси, 381 дарегинде жайгашкан №4 калкты тейлөө борбору, «Азия-молл» соода борборундагы жана ЖЭБдин маңдайында жайгашкан «Глобус» гипермаркетиндеги калкты тейлеген чакан борборлор, Ош шаарындагы Ленин көчөсү, 318 дарегинде жайгашкан №1 калкты тейлөө борборунун иштөө убактысы өзгөрөт. Тактап айтканда, мурункудай 22:00гө чейин эмес, 18:00гө чейин гана иштешет. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-2-майда да аталган даректердеги калкты тейлеген чакан борборлор иштебейт. Алардын иши ушул жылдын 4-майында улантылат.

Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкек жана Ош шаарларындагы эки калкты тейлөө борборунун ишин 22.00гө чейин узартуу боюнча пилоттук долбоорду баштаган. Долбоор ушул жылдын 10-июлуна чейин жүргүзүлөт. Жарандарга ыңгайлуу болуусу үчүн Бишкектеги калкты тейлеген чакан борборлор демалыш күндөрү саат 10:00дөн 19:00гө чейин иштейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM