Биз менен байланышыңыз

Узагалиев: Электр энергиясына болгон тариф көтөрүлүшү керек

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 347 | 0

Бүгүн, 28-апрелде энергетика тармагындагы учурдагы кырдаал, тармакты реформалоо жана орто мөөнөттүү тарифтик саясаттагы сунушталган тарифтер боюнча тегерек стол өттү.

Анда энергетика тармагындагы адис Мирбек Батаканов Кыргызстанда электр энергиясы көп акчага өндүрүлүп, аз акчага сатыларын билдирди. Анын айтымында, электр энергиясынын тарифине эч ким аралашпашы керек, ал саясий максаттын функциясы болбошу зарыл.

«Электр энергиясынын тарифи боюнча маселе буга чейин эле көтөрүлүп келген», — дейт ал.

Ал эми эксперт Замирбек Узагалиев электр энергиянын да өздүк наркы болушу керектигин айтты.

«Кымбат баалуу отундан өндүрүлгөн электр энергиясы жыйынтыгында арзан бааланып калууда», — деди Узгалиев.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров электр энергиясынын тарифин жакыр үй-бүлөлөр үчүн 74 тыйын, жашоо-шарты оор алыскы жана тоолуу аймактардын тургундары үчүн 1 сом 04 тыйын (700 кВт/с лимитти алуу), жашоо-шарты жакшы үй-бүлөлөр үчүн 1 сом 48 тыйындан сунуштаган.

Ошондой эле жашоо-шарты жакшы үй-бүлөлөр үчүн кыш мезгилдеринде электр энергиясын пайдалануу 1000 кВт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуш берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM