Connect with us

Бүгүн биринчи жолу электромобилдердин жүрүшү старт алды (сүрөт)

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 559 | 0

Бүгүн, 28-апрелде Бишкекте саат 10:00дө биринчи жолу электромобилдердин (электромобилдер, экобайк) жүрүшү болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, шаардык мэрия айлана-чөйрөнү коргоп, түтүнгө каршы күрөшүү боюнча ар тараптуу иштерин улантууда. Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, абанын булганышынын негизги себептеринин бири — автоунаа транспортунан чыккан зыяндуу заттар. Буга байланыштуу шаардык муниципалитет коомдук транспорттун экологиялык таза түрлөрүнө көңүл бурууда.

Жүрүш жаңы «Ден соолук» сейил багынын түндүгүнөн башталып, Микаель Гшлиессер көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектиси аркылуу Абсамат Масалиев көчөсүнө көтөрүлүп, ал жерден чыгышка карай Аалы Токомбаев жана Нуркамал Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилишине чейин барып, «Ден соолук» сейил багына Алиаскар Токтоналиев көчөсү менен кайтат.

Белгиленгендей, шаардыктардын коопсуздугу үчүн айдоочуларды Бишкек ШИИББнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын 5 унаасы жана эки тез жардам унаасы коштоп жүрөт. Жүрүштүн маршруту боюнча жолдун унаа жүрүү бөлүгү жарым-жартылай чектелет, колонна өткөндөн кийин жол дароо ачылат.

Жалпысынан Кыргызстанда 200дөй электромобиль бар.

Copyright © 2017 Maral FM