Биз менен байланышыңыз

Дары-дармек жана медициналык буюмдарды экспорттоого тыюу салынды

Кыска кабар | 12 Апр 2021 | 1275 | 0

Өкмөт «Дары-дармекти жана медициналык буюмдарды Кыргызстандан экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтом кабыл алды. Ага премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Токтомго ылайык, документ күчүнө киргенден тарта 6 айга чейин дары-дармекти, медициналык каражатты Кыргызстандан экспорттоого тыюу салынат. Ошол эле учурда бул токтомду башка өлкөлөргө кабарлап коюу милдети Экономика жана финансы министрлигине, Тышкы иштер министрлигине, ал эми тышка товар чыгарууну тыкыр көзөмөлдөө милдети Мамлекеттик бажы кызматына, Мамлекеттик чек ара кызматына жүктөлгөн.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирип, анын аткарылышын көзөмөлдөө Өкмөттүн аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM