Биз менен байланышыңыз

Марипов өлтүрүлгөн кыздын окуясы тууралуу пикирин билдирди

Кыска кабар | 7 Апр 2021 | 2663 | 0

Өкмөт башчы Улукбек Марипов Бишкекте уурдалып, муунтуп өлтүрүлгөн кыздын окуясы тууралуу пикирин фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анда кыз ала качуу бул кылмыш экени жана катуу жоопкерчилик каралышы керектиги айтылат.

«Эң оболу эркек адам жана ата катары Айзада менен болгон трагедиялуу окуяны терең кайгылуу менен кабыл алдым. Бул биздин орток кайгыбыз. Маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтам. Бардык күнөөлүүлөр адилеттүү жана катаал жоопкерчиликке тартылат. Ала качуу бул салт эмес кылмыш экенин өлкөнүн ар бир жаранына жеткирүү керек»,-деп айтылат билдирүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM