Президент Садыр Жапаров 3-4-апрелде иш сапар менен Баткен жана Ош облустарына барат.
Өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, Баткен облусунда Жапаров «Коопсуздук — 2021» жана «Түштүктү калыптоо — 2021» аскердик машыгууларынын жыйынтыктоочу этабына байкоо салат.
Мындан сырткары, энергетика жана өнөр жай объектилерин көрүп чыгат.
Иш сапардын экинчи күнүндө Жапаров Ош облусунун Алай районун кыдырат.