Connect with us

«Мирзиёев көрөгөчтүгүнөн улам Кыргызстандагы ГЭСтерге инвестиция салууга даяр»

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Мар 2021 | 2362 | 0

Өзбекстан «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу менен Кыргызстандан электр энергия жана сууну күтөт. ГЭС өндүргөн электр жарыгынын 90%ын экспорттоого болот. Мындай пикирин энергетика тармагы боюнча адис Мырзатай Султаналиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Камбар-Ата-1» ГЭСи «Токтогул» ГЭСи менен биргеликте суу режимин каалагандай башкарууга мүмкүнчүлүк алат. Анткени «Камбар-Ата-1» ГЭсинин суу сактагычы 5 млрд куб метрге чейин жетет. 3 млрд куб суу болсо ГЭС иштеп баштайт, көп суунун кереги жок.

«Токтогул» ГЭСи 4 млрд кВт саат, ал эми «Камбар-Ата-1» ГЭСи 5 млрд кВт саат электр энергиясын чыгарат.

«Камбар-Ата-1» ГЭСи курулса, кыш мезгилинде «Токтогул» ГЭСиндеги сууну сактап калып, каалаган учурда колдонууга болот. Андыктан долбоор бардык өлкөгө керектүү. Бирок келишимдерди түзүп бүткөнгө чейин коомчулукта талкуулар болушу кажет. Анткени ар бир өлкө өз кызыкчылыгын көздөйт.

«Кыргызстан өз кызыкчылыгын коргоп калышы керек. Сырттан келген каржылоону кабыл алган соң, аны толук кандуу пайдаланууга аракет кылуу зарыл. Техникалык-экономикалык негиздемеси жок долбоорлордун курулушу башталып жатат. Бирок бул туура эмес. Болуп жаткан аракеттер боюнча коомчулукка ачык маалыматтар берилип турушу зарыл», — дейт Султаналиев.

Ал кошумчалагандай, өзбек лидери Шавкат Мирзиёв көрөгөчтүгүнөн улам Кыргызстанда ГЭСтерге инвестиция салууга даярданууда. 10-20 жылда мунун пайдасы көп болот.

Кыргызстан да эл аралык финансылык институттар менен сүйлөшүп, ГЭСти курса болмок.

«Чек ара боюнча Кыргызстандын Тажикстанга саясаты — туура кадам»

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM