Бүгүн, 28 — мартка карата республика боюнча COVID-19дун 146 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Ошол эле учурда бир сутка ичинде жалпысынан 63 бейтап айыгып чыкты.
Мындан сырткары сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен бир бейтап каза болду.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 88 миң 092ге жетип, алардын ичинен 84 миң 600 адам айыкты. Мунун ичинен 1495 адам көз жумду.