«Москва – Тамчы» мезгилдик аба каттамы бүгүн, 20-марттан тарта кайрадан ишин баштайт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Airbusтун» заманбап учактары 20-марттан тарта «Москва – Тамчы» багыты, ал эми 21-марттан баштап «Екатеринбург – Тамчы» багыты аркылуу чартердик каттамдарын аткарып баштайт.
Мындан тышкары жай мезгилинде Екатеринбургдан Бишкек жана Ош шаарларына аба каттамдарды көбөйтүү каралууда. Бул боюнча «Урал авиалиния» ишканасы менен келишим түзүлгөн.