Жаңы конуштардын инфраструктура маселесин дароо чечүү мүмкүн эмес, анткени көп акча талап кылат. Жумуштар этап-этабы менен жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын коомдук-капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Болот Апилов «Маралга» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Бишкектин айланасында жалпысынан 230 миңден ашык адам жашаган 47 жаңы конуш бар. Алар шаар калкынын 18%ын түзөт.
Жаңы конуштардын жол маселеси быйыл да каралып, планга киргизилди.
Мындан тышкары сейил бак, мектеп, бала бакча куруу иштери да колго алынууда. Тагыраагы, 7 бала бакча, 5 мектептин долбоору даяр, каражат табылары менен курулуш иштери башталат.
«Келечек жана Арча-Бешик конуштарында бала бакчанын курулушу башталды. Бул маселелерге 8 млн сомдон акча каралды. Кошумча каражат табуу иши алып барылууда», — дейт Апилов.