Connect with us

Сутка ичинде 63 адам коронавируска кабылып, 43ү айыкты

Кыска кабар | 13 Мар 2021 | 714 | 0

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 63 адамдан табылып, 43ү айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Акыркы суткада COVID-19 илдетинен каза болгон учур катталган жок.

Жаңы учурлар боюнча:

Бишкекте коронавирус – 26 адамдан, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 20, Ош облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 1, Нарын облусунда – 4 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 43 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 318 бейтап, амбулатордук түрдө 272 адам дарыланууда.

Сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 207 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери жалпы 86 миң 818 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 809 киши айыгып чыкса, 1 миң 480 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM