Бүгүн, 12-мартта 28 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин үгүт өнөктүгү башталып, 420 айылдык кеңешке талапкерлерди каттоо аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 28 шаардык кеңешке 59 саясий партия талапкер көрсөткөн.
Буга чейин өткөн жергиликтүү кеңештердин шайлоолоруна салыштыра келсек, бул жолу депутаттыкка ат салышкан талапкерлердин саны жана атаандаштыгы бир топ жогору. Айталы, Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 депутаттык орунга 25 партиянын атынан 1820 талапкер ат салышууда. 2016-жылы өткөн шаардык кеңештин шайлоосуна 14 партия катышкан болсо, 2012-жылы 23 партия жарышкан.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын союзунун директору Бектурган Орозбаев талапкерлердин көп санда катышуусунун бир себеби жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын кеңейтилүүсүндө экенин айтат. Себеби алар парламенттин депутаттары сыяктуу эле, айыл өкмөт, шаар башчыларынын ишин көзөмөлдөп, ага баа бере алат.
— Жергиликтүү кеңештерге депутат болууга чынында кызыгуу чоң болуп турат. Ага биринчи кезекте, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мурдагыдан кеңейтилүүсү себеп. Алар шаар мэринен, айыл өкмөт башчысынан аткарылган иштер боюнча отчет алып турат. Арасында өзүнүн аймагын өнүктүрүүгө салымын кошкусу келген кээ бир жаштар, ишкерлер да бар. Алардын өз айылына, шаарына инвестиция тартуусуна мүмкүнчүлүгү жогору болот. Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөй алат. Айрымдары өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп баратат. Андан тышкары «30 пайыз аялдар болушу керек» деген ченем да кызыгуусуна негиз болууда.
Бектурган Орозбаевдин айтымында, жергиликтүү элдин өкүлдөрү шайланып келгенден кийин да бир топ зарыл болгон жумуштар бар. Эң ириде аларга мыйзамдык ченемдер, милдеттери, аткаруу органы менен туура иштешүү багытында атайын окууларды өткөрүү зарыл. Депутаттардын бул жаатта түшүнүгү жоктугунан улам, аткаруу органы менен пикир келишпестикке барып, акыркы чакырылыштагы 34 кеңеш тарап кеткен.
Ал эми саясатчы Жеңиш Молдокматов шайлоого катышуучулардын көп болушу ири саясий атаандаштыкка жол ачарын белгилейт. Анын пикиринде, жергиликтүү кеңештин депутаттары бюджеттен айлык албаганы менен өз аймагы үчүн чын дилинен кызмат кылгысы келет. Аны менен бирге бул аларга кызматтык тажрыйбасын байытууга чоң өбөлгө болот. Ошол эле маалда партиялардын ичинде жеке кызыкчылыгын көздөгөндөр да жок эмес.
— Жергиликтүү кеңештерге көп партия катышып жатканынын жакшы жагы да бар. Бул партиялардын ортосунда саясий атаандаштыкты күчөтөт. Ага депутат болуштун өзү — чоң жоопкерчилик. Алар мыйзамдардын, Өкмөттүн тийиштүү токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөйт. Арасында жеке кызыкчылыгын көздөп бараткандар да бар. Мындан тышкары иштелип чыккан жаңы Конституция кабыл алына турган болсо, жергиликтүү кеңештин эле эмес, парламенттин да ыйгарым укуктары кыскарып жатат. Жогорку Кеңеш жөн гана мыйзамдарды чыгарып турган нотариалдык контора болуп калат. Алар өзүнүн күн тартибин беките албай калат. Ошондой эле жергиликтүү кеңештер да бийликтин көзүн карап калат.
Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештерге үгүт өнөктүгү 10-апрелде аяктап, 11-апрелде шайлоо өтөт. 4 жылдык мөөнөткө шайлана турган 448 жергиликтүү кеңеште 8326 мандат бар, мунун ичинен 2858 орун аял талапкерлерге берилет.