Кыргыз Өкмөтү чет жакта жүргөн жарандардын паспортунун колдонуу мөөнөтүн кайрадан узартты. Жаңы үлгүдөгү ePassport берүү 2020-жылдын 25-декабрына пландалган эле. Кийин апрелде бериле тургандыгы маалымдалган. Эми Кыргызстандан тышкары жүргөн мекендештердин 2004-2006-жылы чыгарылган паспортунун жарактуу мөөнөтү 2021-жылдын 1-сентябрына чейин узартылды. Жаңы паспорт берүү кечиктирилгени үчүн өкмөт башчы Улукбек Марипов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевге сөгүш жарыялап, анын орун басары Тилек Батыркановду кызматтан кетирди.
Мигранттардын паспорт мөөнөтүнүн узаруусуна жаңы үлгүдөгү паспортторду даярдоо өз убагынан кечиктирилгени жана пандемия себеп болгонун Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Айнура Туйбаева белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду:
— Жаңы паспортторду киргизүү 2021-жылга каралган болчу. Бирок пандемиядан улам башка өлкөлөрдөгү адистер да жумушка чыга албай калгандыгына байланыштуу узартылып калды. Ошол эле учурда биздин чет өлкөдөгү элчиликтер борбор шаарларда эле жайгашкандыктан, алыс жагындагылар элчиликтерге келе албай, буга чейин эле 2020-жылдын май айынан 31-декабрга чейин узартылган болчу. Биздин жарандар чек арадан өткөндө кандайдыр бир маселелер жаралбашы үчүн Тышкы иштер министрлигине атайын иш тапшырмалар көрсөтүлгөн. Буга чейин деле мөөнөттөрү узартылган. Чоң көйгөйлөр жаралган эмес.
Айнура Туйбаева ошондой эле жаңы үлгүдөгү паспорттор план боюнча 2021-жылдын башында берилиши керек болуп, кийин 1-апрелге жылганын, мунун себеби паспорт буйрутма менен чет өлкөдө жасалгандыктан, ал жактан кармалып жатканын, эми болжолдо 1-апрелге чейин келип калышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Кыргызстан эгемендүүлүктү алган 30 жылдан бери паспорттун мөөнөтүн жылдыруу ыкмасын далай жолу колдонуп, эл аралык коомчулукта өзүнүн аброюн эчак эле жоготконун айткан Тышкы иштер министринин мурунку орун басары Аскар Бешимов мындай шалаакылыктардан улам көп өлкөлөр визалык чектөөлөрдү киргизип жатканын белгилейт.
— Биз 1994-жылы паспорт чыгарганбыз, андан кийин 2004-жылы чыгарганбыз. Анын ичинде «кыргыз» деген сөздү жазганда бир жолкусунда «h» тамгасын кошуп, бир жолкусунда алып салганбыз. 2005-жылы революция болгондон кийин: «Биз паспортторду чыгарууга үлгүрбөй калдык», — деп дагы узартканбыз. «Жараксыз чыгып калды», — деп дагы узартканбыз. 30 миңден ашуун паспорт жоголуп кеткен. Ошону менен дүйнө жүзүндө паспорт системасында аброюбуз калган жок. Азыркы узартылып жатканы — баягы эле көнгөн адатыбыз. Ошондуктан көп учурда визалык чектөөлөр жүрүп жатат. Бул бир гана АКШ эмес, ошол эле Кореяга, Кытайга жана башка өлкөлөргө баруу биз үчүн чоң көйгөйгө айланды. Дүйнө жүзү мындай шалаакылыгыбызга эчак эле көнүп бүткөн.
Мындан сырткары Бешимов паспорт жасоо үчүн чет өлкөлүк компаниялар так келишим менен иштеп, белгиленген мөөнөттө бүтүрө тургандыгын, эгерде айтылган убакта бүтүрбөсө, айып пулдар каралганын кошумчалады.
Ал эми коомдук ишмер Сейтек Качкынбай согуш жана башка өзгөчө кырдаал болсо, түшүнүү менен кабыл алса боло турганын, бирок азыркы учурда буга «шалаакы мамиле» деген эле сыпат туура келерин айтат.
Ошондой эле ал эң эле жөнөкөй ички паспорттор менен сырткы паспорттордун жеке идентификациялык номурлары (ПИН) туура келбей калган учурлары көп боло турганын мисал келтирди.
— Негизи, техникалык маселелер, согуш жана башка өзөчө абалдар болсо түшүнсө болот. Биздики бул жерде көбүнчө шалаакылык болуп калды окшойт. Ички паспорттор менен сырткы паспорттордун жеке идентификациялык номурлары (ПИН) туура келбей калган учурлар көп болот. Менде мындай окуя 2016-жылы болгон. Япониядан алган паспортум менен Кыргызстандан алган паспортумдун номерлери дал келбей, Каттоо кызматы мени номерлерди өзүм басып алгансып, «тиги жакка барасың, бул жакка барасың» деп убара кылган. Бул боюнча азыр бизде көп адам арызданып жүргөнүн угуп жатам. Жакында Баетов деген бир юрист: «Аялымдын паспортунда жеке идентификациялык номурлары дал келбей, ар жакка жиберип, «тепкилеп», кыйнап жатат», — деп жазды. Бул мамлекеттик сектордун таптакыр шал болгондугунан кабар берет. Таптакыр жоопкерчилиги жок. Жарандарды ары-бери чуркатпай, тескерисинче, кечирим сурап, «баарын өзүбүз оңдоп беребиз, арыз эле жазып коюңуздар» дей тургандай кылуу керек. Бул — толугу менен мамлекеттин жоопкерсиздиги жана шалаакылыгы».
Кошумчалай кетсек, АКШ Кыргызстан чыгарган паспорттордогу коопсуздук чараларынын жетишсиздигинен улам визалык чектөөлөрдү киргизген. Ошондой эле Кыргызстандын паспортун жасоо оңой болгондуктан, Орусияда сатылып жүргөнү да айтылып келет. Мындан сырткары 2019-жылы Стамбулда киши колдуу болгон кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүүлөрдүн жанынан да кыргыз паспорту чыккан.
Эске салсак, өткөн жылы Кыргызстандын паспорту ишенимдүүлүк индекси боюнча эл аралык рейтингде 107 өлкөнүн ичинен 80-орунду ээлеген. Анда кыргызстандыктар 63 мамлекетке визасыз бара алары жазылган. Ал эми Жапониянын паспорту дүйнө боюнча «күчтүү» паспорт деп таанылган. Күн Чыгыш өлкөсүнүн жарандары визасыз эле 191 өлкөгө кире алат. Эң алсыз паспорт Ооганстанга таандык экендиги белгилүү болгон. Бул өлкөнүн жарандары 26 мамлекетке гана визасы жок бара алат.