Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак улуттук спортун биргеликте өнүктүрүү макулдашылды

Кыска кабар , Спорт | 2 Мар 2021 | 997 | 0

Бүгүн, 2-мартта, Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга жасаган мамлекеттик иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министри Актоту Раимкулова «Улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрүү жөнүндө» макулдашууга кол коюшту.

Макулдашууга ылайык, эки өлкөнүн тиешелүү тараптары төмөнкү багытта кызматташат:

  • Улуттук спорттун түрлөрү боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүү, улуттук спорттун түрлөрүн эл аралык аренага жайылтууда эки тараптуу демилгелерди колдоо;
  • Спорттун улуттук түрлөрү боюнча федерациялары менен ассоциациялардын ортосундагы кызматташтыкты орнотуу, спорттогу эл аралык федерациялардын жана ассоциациялардын иш-аракеттеринин алкагында алардын өз ара иштешине көмөктөшүү;
  • Улуттук спорттун түрлөрүнүн стандарттарын жана эрежелерин өркүндөтүү боюнча биргелешкен аракеттерди колдоо;
  • Машыктыруучуларды жана спортчуларды даярдоодо, ошондой эле Кыргызстан жана Казакстандын улуттук спортунун түрлөрү жана элдик оюндары жаатында адистердин тажрыйба алмашуусуна көмөктөшүү;
  • Кыргызстан жана Казакстандын турмушундагы маанилүү даталарга жана окуяларга арналган спорттук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча биргелешкен иш-чараларды кубаттоо жана жүргүзүү.

Макулдашуу өлкөлөр аралык спорттун улуттук түрлөрүн жана элдик оюндарын өнүктүрүүдө кызматташууну бекемдөө максатында иштелип чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM