Садыр Жапаров менен жолугушууга 40ка жакын ири компания катышты:
-«Ренова» компаниялар тобу» АКынын директорлор кеңешинин төрагасы;
-«Сколково» жаңы технологияларды иштеп чыгуу жана коммерциализациялоо борборунун Өнүктүрүү фондунун директорлор кеңешинин мүчөсү,
-«Сколтехтин» (Сколково илим жана технологиялар иниституту) Камкорчулар кеңешинин төрагасы Виктор Векселберг;
«Орусия темир жолу» ААКынын башкы директорунун орун басары Вячеслав Павловский;
-«Газпром нефть» ПАКнын башкы директорунун тышкы экономикалык иштер боюнча орун басары Павел Одеров;
-Президенттин электрэнергетика тармагындагы эл аралык кызматташуу маселелери боюнча атайын өкүлү, «Артпол Холдинг» ЖЧКсынын президенти Сергей Шматко;
-ЕАЭБ Ишкерлер кеңешинин аткаруучу катчысы Станислав Наумов;
Санарип экономика боюнча комитеттин төрагасы, «Ростелеком» ПАК президенти Михаил Осеевский;
«ФосАгро» ПАК, «ВымпелКом» ПАК, «Хюндай Мотор СНГ» ЖЧК, «Северсталь» ПАК компанияларынын, Картошка жана жашылча базарынын катышуучуларынын биримдигинин, ЕАЭБдин фармацевтикалык өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башкармалыгынын өкүлдөрү, мунай, банк, өнөр жай, курулуш, химия, энергетикалык тамак-аш, машина куруу жана текстиль тармактарынын лидерлери катышты.
Ошондой эле жолугушууда Орусиянын министрликтери менен мамлекеттик түзүмдөрүнүн өкүлдөрү болду.