Connect with us

Мамытканов: Өткөрүү пунктун реконструкциялоо – мезгилдин талабы

Кыска кабар | 30 Янв 2021 | 1164 | 0

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Акжол — автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун реконструкцияланышынын жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Көзөмөл-өткөрүү пунктун реконструкциялоо ишин 2020-жылдын соңуна дейре бүткөрүү пландалган. Бирок коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу оңдоо иштеринин мөөнөтү 2021-жылдын биринчи кварталына чейин узартылган.

Оңдоо иштерине жеринде күбө болгон Максат Мамытканов өткөрүү пунктун реконструкциялоо – бул мезгил талабы экенин, өзгөчө көңүлдү оңдоо иштеринин сапатына буруу керектигин белгиледи.

«Көзөмөл-өткөрүү пункту – бул өлкөнүн жүзү. Чек арабызды кесип өтүүчү ар бир адам үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл. Биздин өлкө тууралуу коноктордо жакшы пикир калуусу керек. Буга анын техникалык жактан жабдылышы, эл стандарттарга шайкеш келүүсү, ошондой эле чек ара кызматкерлеринин жарандарга карата жасаган кичипейил мамилеси да кирет.

Көзөмөл-өткөрүү пунктун реконструкциялоонун сапаты бардык эл аралык талаптарга дал келиши зарыл. Бир жыл, же эки жыл өткөн соң кайрадан оңдоо иштерине муктаждык жаралбашы керек. Сапатты көзөмөлдөө жогорку деңгээлде жүргүзүлүшү тийиш»,- деп белгиледи Максат Мамытканов.

Кыдырып чыгуу жыйынтыгы боюнча УКМКнын Чек ара кызматынын жетекчилигине оңдоо иштеринин бүткөрүлүшүн жеке көзөмөлгө алуусу тапшырылды.

Белгилей кетсек, «Ак-Жол — автодорожный» өткөрүү пунктун модернизациялоо 2020-жылдын март айында башталган. Модернизациялоо боюнча иштер республикалык бюджеттен каржыланат.

Мурда пункттун өткөрүү жөндөмдүүлүгү 10-11 миң адамды жана 800-1000 унааны түзгөн. Оңдоо иштери жүргүзүлгөн соң, көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү эки эсеге жогорулайт.

Copyright © 2017 Maral FM